Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Декабрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Парламент комитети чек арадагы абалды талкуулайт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн, 4-июнда чек ара маселесин карайт. Күн тартибине кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча токтомдун аткарылышы тууралуу маселе кирди.

Быйыл 3-апрелде депутаттар токтом кабыл алып, кыргыз-тажик чек арасындагы социалдык жана башка маселелерди чечүүнү өкмөткө тапшырышкан.

13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Анын натыйжасында бир нече адам жабыр тарткан.

20-майда кыргызстандыктар колдонуп келген мүрзөнүн аймагына тажик чек арачылары кирип келип, элди ага жолотпой койгону маалымдалган. (RK)

 

XS
SM
MD
LG