Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Столтенберг: НАТОго мүчө болуу Түндүк Македонияны өркүндөтөт


Йенс Столтенберг жана Түндүк Македониянын премьер-министри Зоран Заев.
Йенс Столтенберг жана Түндүк Македониянын премьер-министри Зоран Заев.

НАТО Түндүк Македонияны уюмдун 30-мүчөсү кылып кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Түндүк Атлантикалык Альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг Скопьедеги сапарында билдирди. Ал өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушту.

- НАТОго мүчө болуу Түндүк Македониянын жумурай журтуна бекем коопсуздукту жана өркүндөп өсүүнү алып келет. Силердин добушуңар биз кабыл ала турган ар бир чечим үчүн маанилүү болот, - деди ал.

Скопьенин НАТОго киришине кошунасы Грекия менен быйыл жыл башында өз ара талашты чечип, өлкө аталышын «Түндүк Македония» деп өзгөрткөндөн кийин жол ачылган.

1991-жылы коммунисттик Югославия Федерациясы ыдыраганда анын бир бөлүгү Македония Республикасы деген аталыш менен эгемен өлкө катары пайда болгон. Бирок Грекиянын түндүгүндө ушундай аталыштагы аймак да бар болгондуктан расмий Афины «келечекте бул жер талашка себеп болушу мүмкүн» деген негизде андай аталышка каршы болуп келген. (RK)

XS
SM
MD
LG