Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Муфтий мусулмандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды


Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчысы, муфтий Максатбек Токтомушев орозо айтка байланыштуу талаштан улам элге кайрылды.

4-июнда таратылган видокайрылууда ал Сауд Арабиясынан башка жерлерде айт бир күндө болорун айтты:

- Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Индия, Пакистан, Австралия, Малайзия, Индонезия, Корея, Жапония, Дагестан, Кувейт, Египет, Иордания, Сирия сыяктуу республикаларда 5-июнда айт майрамы белгиленет. 4-июнь - орозонун акыркы күнү. Дүрбөлөңгө түшүп, орозоңуздарды бузбагыла! Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жоопкерчиликти мойнуна алат.

Орозо айы 6-майда башталган. Айдын чыгышына карап Сауд Арабиясы, Орусия, Түркия өңдүү мамлекеттер айтты 4-июнда белгилешет. Ушундан улам кыргызстандыктардын арасында ача пикир жаралып, айрымдар орозосун ачып, айтты тосууга социалдык тармактар аркылуу чакырык таштап жатышат.

Буга чейин да айт күнүнө байланыштуу ушул өңдүү талаштар чыккан.

Быйыл айт намазына байланыштуу эрежелер да өзгөрүп, ал Бишкекте гана эски аянтта окулат. Башка аймактарда чоң мечиттерде болот. Анын себеби так айтылган жок.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG