Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Исфана-Андарак жолундагы абалды милиция көзөмөлгө алды


Баткен шаары.
Баткен шаары.

Баткен облусунун Исфана-Андарак жолундагы абалды милиция күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Андан алынган маалыматка караганда, 3-июнда Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын айрым тургундары Искра айылында мамлекеттин балансында турган жерге үй куруп алгандардан турак-жайларын бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тосушкан.

Искра айылынын кире беришине эл топтолуп, Исфана-Андарак, Андарак-Исфана багытында бараткан машинелер токтотулган. Жергиликтүү бийликтин жана милициянын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок жыйынтык чыкпай, Баткен облустук милиция башчысынын буйругу менен кошумча күч тартылган.

Чогулгандар үйлөрдү бузууга өз алдынча аракет кылганда тартип сакчылары токтотуп калышкан. Милиция жабыркагандар жок экенин билдирди.

Лейлек районунун акими жагдай тууралуу азырынча комментарий бере албай тургандыгын айтты. (JsA)

XS
SM
MD
LG