Быйыл 29-апрелде Ош облусунун Алай районунда сабалган дудук жигиттер милицияга жазган арыздарын кайтарып алышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 4-июнда Ошто өткөн басма сөз жыйынында билдиришти.
Алар бул кадамын Орозо айында элдешүүнү туура көргөнү менен түшүндүрүштү жана өздөрүн сабаган адамдарга карата тосмо арыз жазып беришкенин айтышты.
Апрелдин этегинде Алай районуна караштуу Корул айылынын тургундары үч дудук жигитти «бала уурдаган» деп айыптап, тепкиге алганы тууралуу видео Интернетте тараган. Кийинчерээк милиция ал жигиттер Орозо айына карата жылсанак сатканы барышканын, алар өз максатын түшүндүрө албай таяк жегенин маалымдаган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы аларды тепкиге алган айыл тургундарынын үстүнөн иликтөө иштерин баштаган.
Окуяга шектүү катары Алай районунун 37 жаштагы тургуну кармалган. Тепкиге алынган дудук жигиттердин жакындары 6-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтына нааразылык акциясына чыгып, бул окуяны мыйзамдуу териштирүүнү бийликтен талап кылышкан. (ZKo/MdN)