Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:07

АКШда кызамык оорусунун миңдей учуру катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Саламаттык сактоо министрлиги жыл башынан бери кызамык оорусунун 980 учуру катталганын билдирди. 1992-жылдан бери бул жугуштуу ооруга кабылган мынча көп бейтап каттала элек болчу. Өткөн аптада эле кызамык 41 кишиде аныкталды.

Дарыгерлер эмделбеген балдар көбөйгөн сайын бул илдет да жайыла берерин, өзгөчө жай келип балдар лагерлери иштей баштаганда кырдаал тынчсыздануу жаратарын эскертишүүдө.

Илимий изилдөөлөргө ишенбей, айрым ата-энелер «вакцина аутизмге алып келет экен» деп балдарын эмдетпей койгон учурлар көбөйдү.

«Кызамык АКШда 2000-жылы толугу менен жоюлду» деп расмий жарыяланган. Бирок быйыл Вашингтон жана Нью-Йорк штаттарында ооруга байланыштуу чукул кырдаал киргизилди.

XS
SM
MD
LG