Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Лондондо Трамптын сапарына каршы акциялар өтөт


Трамптын саясатына каршы акциялар. 3-июнь, 2019-жыл.
Трамптын саясатына каршы акциялар. 3-июнь, 2019-жыл.

3-июнда мамлекеттик сапар менен Британияга келген Дональд Трамп бүгүн премьер-министр Тереза Мэй менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Трамп сапарынын экинчи күнүндө Европа Биримдигинен чыгууга камынып жаткан Британиянын Брекзит маселесине токтолуп, кытайлык «Huawei» компаниясы тууралуу да маселени көтөрүшү күтүлүүдө.

АКШ президентинин бул сапары Британиянын өзүндө Брекзит боюнча талкуу уланып, премьер-министр Тереза Мэй кызматтан кетүүгө камынып жаткан учурга туш келди.

Ал арада Трамптын саясатына каршы шейшемби күнү Британияда ири акциялар өткөнү турат. Ушуга байланыштуу өкмөттүн кеңсеси жайгашкан Лондондогу Даунинг-стрит аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Акциянын уюштуруучулары Трамптын жалаяк кийген кебетеси түшүрүлгөн чоң шарды эки саат бою парламенттик аянттын үстүндө учурушат.

Трамп 2018-жылы келгенде да британдыктар аны нааразылык акциялары менен тосуп алган.

АКШ президентинин сапарынын биринчи күнүндө, 3-июнда Британ ханышасы Елизавета II менен ханзаада Чарльз АКШ президенти Дональд Трампты жана анын жубайы Меланияны Букингем сарайында кабыл алып, сый тамак берди.

АКШ президенти Британиядагы үч күндүк сапарынан кийин Ирландияга жана Францияга бармакчы.

XS
SM
MD
LG