Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Милиция Ворух-Исфара жолундагы айдоочулардын чырын түшүндүрдү


Кыргызстан менен Тажикстандын желеги. Иллсютаривдик сүрөт.
Кыргызстан менен Тажикстандын желеги. Иллсютаривдик сүрөт.

Баткен облусундагы Аксай айыл аймагын аралап өткөн Тажикстандын Ворух-Исфара жолундагы чатак боюнча милиция түшүндүрмө берди.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 4-июнда Аксай айылынын 36 жаштагы тургуну аталган жолдо «Камаз» жүк ташуучу автоунаасы менен баратканда, күмүш түстөгү «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү жеңил машине артынан келип, аны кысып өтүп кеткен. «Камаздын» айдоочусу «Мерседеске» таш ыргытып, айнегин талкалаган. Баткен райондук милициясы окуянын чоо-жайын аныктап, «Мерседес-Бенц» тажикстандык жарандын машинеси экени такталган.

Күбөлөр «Мерседес-Бенц» жол четиндеги «Камазды» сүзүп алып, андан ары Ворух айылына кеткенин, кыргызстандыктарга куру жалаа жапканын айтып жатышат. Мындан улам эки өлкөнүн 50дөй тургуну топтолгону кабарланган. Бирок милиция абал тынч экенин, маселе чечилгенин билдирди.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чек ара тилкесинен тыш жердеги окуяларга комментарий бербейт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш аймактарында эки өлкөнүн тургундары жол, жер талашып буга чейин да бир канча ирет чатакташкан. Мындай чатактарда адам өмүрү кыйылган учурлар да болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG