Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Искендер Матраимов президентке үмүт артарын билдирди


Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттык» радиосунун «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүнө түшүндүрмө берип, аны далилсиз айыптоо деп баалады. Депутаттын түшүндүрмөсү 4-июнда парламенттин сайтына жарыяланды.

Ал үй-бүлөсүнүн айланасындагы кырдаал саясий мүнөздө экенин белгилеп, президент Сооронбай Жээнбеков маселени калыс иликтөөгө шарт түзүп берерине, укук коргоо органдарынын чечим кабыл алышына таасир этпей турганына үмүт артарын билдирди.

Анын алдында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган фактыларды текшерүүнүн жүрүшү боюнча кеңешме өткөрүп, тиешелүү органдарга териштирүүнү тездетүүнү тапшырган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) тергөө тобун түздү. Аны мекеменин улук тергөөчүсү Руслан Качканаков жетектей турган болду.

«Азаттык» 29-майда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөдө мамлекеттен чыгарылып кеткен миллиондогон долларга Матраимовдордун ыктымалдуу катышы бар экени айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG