Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

АКШ элчиси кыргызстандыктарды жарамазан айтып куттуктады

Элчи Доналд Лу «Азаттык» радиосунун кеңсесинде. 2018-жыл, ноябрь.
Элчи Доналд Лу «Азаттык» радиосунун кеңсесинде. 2018-жыл, ноябрь.

Орозо айт майрамынын урматына АКШнын Кыргызстандагы элчиси Доналд Лу жана элчиликтин кызматкерлери кыргыз тилинде жарамазан айтып, куттуктоо таратышты.

Куттуктоо жазылган видео элчиликтин социалдык тармактагы баракчаларына 4-июнда жарыяланды.

Орозо айы 6-майда башталган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Айт майрамы 5-июнда болорун билдирген.

Бирок Сауд Арабиясы, Орусия, Түркия өңдүү бир катар мамлекеттер айтты 4-июнда белгилешти. Жыйырмага жакын өлкөдө 5-июнда болот.

Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (SE)

​
XS
SM
MD
LG