Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:01

Сотто Салянованын бөгөт чарасын кароочу отурум башталбай турат


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын кароо белгиленген убактысынан кечигип жатат. Расмий маалыматка ылайык, ишти кароо күндүзгү саат үчтө башталмак, бирок кечки саат алты болуп калганына карабай, Салянова сотко жеткириле элек экенин «Азаттыктын» кабарчысы билдирди.

Сот имаратына Салянованын тарапкерлери да чогулду. Ал мүчө болгон «Ата Мекен» партиясындагылар жана адвокаттары үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиргени турушат.

Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу 3-июндун кечинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында 48 саатка камакка алынган.

Буга чейин Салянова Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин «Азаттыкка» айткан.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Ишти тергеп-иликтөө милдети Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө кызматына жүктөлгөн. Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган. (SE)

XS
SM
MD
LG