Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:16

ШКУ саммитин чагылдырууга Бишкекке 300дөй чет өлкөлүк кабарчы келет

Иллюстарциялык сүрөт.
Иллюстарциялык сүрөт.

Бишкекте келерки аптада өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) курамындагы мамлекеттердин башчыларынын саммитин 300дөн ашык чет өлкөлүк журналист чагылдырат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Алардын арасында Беларустун, Индиянын, Ирандын, Кытайдын, Монголиянын, Пакистандын, Орусиянын, Өзбекстандын жана Жапониянын, ошондой эле Кыргызстандын тышкы саясий мекемесинин каттоосунан өткөн Франциянын, Улуу Британиянын, АКШнын жана Германиянын журналисттери бар.

Жалпысынан 30 телеканал, 10 радиостанция, 20 маалымат агенттиги жана 10 гезит өкүлү иштейт.

ШКУ саммити Бишкекте 14-июнда өтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG