Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:53

Зеленский: Орусия менен сүйлөшүүгө да, НАТОго кирүү аракетин улантууга да даярбыз


Владимир Зеленский Брюсселде.
Владимир Зеленский Брюсселде.

Украина чыгыш аймагындагы согушту токтотуш үчүн Москва менен ачык сүйлөшүүгө даяр, бирок ошол эле учурда НАТО менен кызматташтыгын да бекемдегиси келет.

Өлкө президенти Владимир Зеленский бул тууралуу 4-июнда Брюсселде НАТО-Украина комиссиясынын жыйынына катышып, уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушканда билдирди.

Ал Европа Биримдигине жана Түндүк Атлантикалык Альянска толук укуктуу мүчө болуу Украина үчүн стратегиялык багыт экенин айтты:

- Биз бул багытыбызда жардам болуучу азыркы жана союздаштар сунуш кыла турган кайсы бир башка механизмдерге да муктажбыз. Бирок биз азыр бардык аракетибизди негизги максатыбызды ишке ашырууга – өлкөбүздү НАТОнун стандарттарына жакындата турган ички реформаларды жүргүзүүгө жумшашыбыз зарыл. Альянс менен кызматташтыгыбыз натыйжалуу нукта өнүгөт деп ишенем.

Орусия Украинанын НАТОго мүчө болушуна каршы экени белгилүү.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан бери Украинанын чыгышында орус бийлиги колдогон жикчилер менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышууларынан 13 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Орус бийлиги бул үчүн айыптоолорду четке кагып келет.

Саясатта тажрыйбасы жок актер жана куудул Владимир Зеленский 20-апрелде президенттик шайлоону утуп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG