Бүгүн, 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Аида Салянованын бөгөт чарасы каралат.
Кечээ анын бөгөт чарасынын каралышын күтүп туугандары жана тарапкерлери кечке чейин сотто жүрүштү, бирок сот отуруму бүгүнкүгө калган.
Салянованын сиңдиси Чынара Турдалиева ага карата бөгөт чарасынын камоодон башка түрү кабыл алынышы керек, себеби ал эч жакка качпайт деп эсептейт.
- Үч жашар чычкандай наристеси бар, - деди ал эжеси жөнүндө. - Ден соолугунун абалы да эске алынышы керек. Эч жакка качып кетпейт. Үч жылдан бери куугунтук болуп эле жатат. Кетсе кетип калмак да.
Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кечинде 48 саатка кармалган.
Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн чыгып кеткенден кийин гана билгенин мурдараак «Азаттыкка» айткан болчу.
Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган. (RK)