Президент Сооронбай Жээнбеков Орозо айт майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктады.
«Орозо айт дүйнөдөгү бардык мусулмандардын ыйык майрамы экенин белгилеп, бул күн руханий тазалыкты жана аруу ниетти, мээримдүүлүктү жана соопчулукту даңазалайт», - деп жазылган президенттин куттуктоосунда.
Президент Жээнбеков өлкөдө түрдүү улуттардын, маданияттардын, диндердин өкүлдөрү жашай турганын, элдин биримдиги менен гана жаркын келечек куруларын белгилеген. (TSh)