Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Андаракта абал турукташты


Баткен.
Баткен.

Баткендин Андарак айылында 4-июнь күнү кечинде абал турукташып, буулган жол ачылды жана кошумча тартылган милиция кызматкерлери чыгарылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Учурда айылдагы коомдук коопсуздукту аймактагы милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатышат.

3-июнда Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын айрым тургундары Искра айылында мамлекеттин балансында турган жерге үй салып алгандардан турак жайларын бузууну талап кылып, Исфана-Андарак жолун тосушкан.

Искра айылынын кире беришине эл топтолуп, Исфана-Андарак, Андарак-Исфана багытында бараткан машинелер токтотулган. Жергиликтүү бийликтин жана милициянын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бирок жыйынтык чыкпай, Баткен облустук милиция башчысынын буйругу менен кошумча күч тартылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG