Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:43

Ошто үч кыз бычактан жараат алып ооруканага түштү


Сулайман-Тоо.

5-июнь күнү таңга жуук 18, 19 жана 23 жаштагы кыздар бычактан жараат алып ооруканага кайрылышкан. Бул тууралуу Ош облус аралык бириккен ооруканасынын травматолог дарыгери Султан Жусупбеков билдирди.

Дарыгердин айтымында, бычак кыздардын экөөнүн жоон санына, бирөөнүн көкүрөк тушуна сайылган. Учурда алардын бирөөнө операция жасалды. Экөө дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Азырынча бул окуя боюнча Ош милициясы маалымат тарата элек.

Буга чейин 30-май күнү Ош шаарынын «Кыргызстандын 40 жылдыгы» мектебинин окуучусу бычакталып каза болгон. (MdN)

XS
SM
MD
LG