Баткен шаарында Айт намазы муфтияттын чечимине ылайык төрт мечитте окулду. Айт намазынын алдында дин кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү, жардамга муктаж жана жетим балдарды колдоо, аларды ар кандай зордук-зомбулуктан сактоо жөнүндө кеп кылышты. Ислам дининде балдарды колдоо, ар кандай кордуктан жана зордук-зомбулуктан сактоо менен алардын жакшы жагдайда жетилишине шарт түзүү, материалдык жактан колдоо каралганы белгиленди. (JsA)
Баткен: Айт намазында балдарды ар кандай зордук-зомбулуктан коргоо жөнүндө айтылды