Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Белгилүү продюсер Бари Алибасов оор абалда реанимацияга түштү


Бари Алибасов.
Бари Алибасов.

Орус медиасынын маалыматы боюнча, музыкант жана продюсер Бари Алибасов ашказаны күйүп, Склифосовский атындагы медициналык борборго жеткирилди. Алибасовдун абалы оор деп бааланууда.

Алибасовдун басма сөз катчысы Сергей Моцарь музыкант суу экен деп, адаштырып түтүктү тазалоочу суюктукту ичип алганын билдирди.

71 жаштагы Бари Алибасов Казакстанда төрөлгөн. 1960-жылдардын этегинде Казакстандагы Өзкемен шаарында «Integral» аттуу жаз-рок тобун түзгөн. Ал маалда совет бийлиги рок жанрын жактырчу эмес.

Көп өтпөй бул топ мурдагы Советтер Союзунда белгилүү болуп, 1989-жылы тарап кетишкен.

1990-жылдардын башында Алибасов «Na-Na» аттуу поп-тобун түзгөн. Бул топ Орусиянын өзүндө жана мурдагы совет өлкөлөрүндө өтө белгилүү болгон.

XS
SM
MD
LG