Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

6-июнга карата аба ырайы: сел жүрүшү мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-июндан 7-июнга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба жумуштарын, автоунаалардын жүрүшүн, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйындатат. Мындай нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28​;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 26…31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23;

Нарында түнкүсүн 8…13, күндүз 17…22;

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 27…29° болот.

XS
SM
MD
LG