Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Москва АКШнын Алтынчы флотунун дооматына жооп кайтарды


Су-35.
Су-35.

Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Алтынчы флотунун билдирүүсүн четке какты. Алтынчы флот орусиялык Су-35 кыйраткыч учагы эл аралык аба мейкиндигинде Жер ортолук деңиздин үстүндө учуп жүргөн америкалык Р-8А «Посейдон» чалгын учагын үч саатта үч жолу тороп алганын билдирген. Чалгын учагын экинчи жолу тороп алуу коопсуздукка коркунуч келтирген.

«Орусиялык Су-35 америкалык учактын жанынан катуу ылдамдыкта учуп өткөн. Мунун натыйжасында учактагы экипаж турбуленттик толкунду сезген. Бул учкучтардын өмүрүнө коркунуч жараткан кырдаал болду», деп билдирди АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн басма сөз кызматы.

Америкалык аскерлер орусиялык кыйратуучу учакка чагым салбаганын белгилеп, Орусиянын эл аралык аба мейкиндигиндеги мындай иш-аракеттерин «жоопкерчиликсиз мамиле» катары баалашты.

Орусиянын Коргоо министрлиги Жер ортолук деңиздеги орусиялык аскерлердин бардык учушу эл аралык эрежеге ылайык аткарылып жатканын билдирди.

Орусиялык депутат, Мамлекеттик Думанын Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Франц Клинцевич «Орусия колдонуудагы эл аралык мыйзамдарга ылайык реакция кылышы мүмкүн экенин» айтты:

- Мырзалар, демиңерди басып, ушуга көнгүлө. Кудай сактасын, өзүңөр чагым ойлоп тапсаңар силерди атып салышы мүмкүн. Баары эл аралык укукка ылайык болот.

Акыркы жылдары Кара деңизде, Балтикада, Сирияда жана башка жерлерде Орусия менен НАТОнун учактары бири-бирине өтө жакындаган кооптуу учурлар көп болууда.

XS
SM
MD
LG