Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:27

Өзбек президенти түрмөдөгү жүздөгөн адамдарга ырайым кылды


Бухарадагы түрмө.
Бухарадагы түрмө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Айт майрамынын алдында түрмөдө отурган адамдарга мунапыс берди. Президенттин буйругуна ылайык, жазасын өтөп жаткан 361 адам эркиндикке чыгат, дагы 214 соттолуучунун жаза мөөнөтү кыскарат. Мунапыска илингендердин арасында 60 жаштан улуу жети адам, алты аял жана бир чет өлкөлүк бар.

2016-жылы сентябрда Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин бийликке келген Мирзиёев буга чейин мунапыс бере элек болчу.

Өзбекстан Борбор Азияда калкынын саны боюнча сап башында турат. Өзбекстанда 30 миллиондон ашык адам жашайт.

XS
SM
MD
LG