Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Солтон-Сары кенин иштеткен компанияга маселени чечүүгө убакыт берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Миң-Булак айылында түзүлгөн коомдук кеңештин мүчөлөрү менен кошо өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов баштаган тиешелүү кызматтын жетекчилери «Jhong ji Mining company» компаниясынын ишин жеринде көрүп келишти. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Солтон-Сары кенинде буга чейинки айтылып келген таза суу, техникалык коопсуздук, тазалык сыяктуу маселелер менен жерине барып таанышып, алтын иштетүүчү компанияга бул жагдайларды жөнгө салууга убакыт берилди.

Мындан сырткары облус жетекчиси анда иштеп жаткан жергиликтүү элдин жашоо шарты, тамак-ашы жана айлык маянасы боюнча тиешелүү талаптарды койду.

«Jhong ji Mining» компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүш үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат. Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет.

Учурда бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20 миң -25 миң сомду түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG