Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:58

Төмөнкү Орокто сабалган бала ооруканада, 30дай адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 5-июнда Чүйдүн Төмөнкү Орок айылында болгон окуядан жабыркаган өспүрүм азыр ооруканада, абалы туруктуу. Бул тууралуу облустук милиция кабарлоодо.

Мекеменин маалыматына караганда, эртең менен айылдагы мечитте Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм бала уруша кеткен. Экөө бирөөнү сабап салган. Ал ооруканага жеткирилген. Абалы азыр туруктуу.

Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене («Ээнбаштык») менен катталды.

«Эки адам дароо убактылуу кармоочу жайга киргизилген, бирок жабыркаган баланын туугандары нааразылык билдирип, мыйзамга дал келбеген иш-аракеттерди кылышкан» деп билдирди милиция өкүлү.

15 үйдүн терезеси сынганы да кабарланды. Бир жерде жыйылып турган чөп өрттөлгөн. 25-30 киши Сокулук милициясына жеткирилди.

Окуя болгон жерге ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барды. (RK)

XS
SM
MD
LG