Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Дональд Трамп Ирандын бийлиги менен сүйлөшүүгө даяр


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок Тегеранга каршы аскердик иш-аракеттер болушу мүмкүн экенин четке какпай турганын айтты:

«Иран – бул мен бийликке келгенде кастык курчуп турган өлкө болчу. Ал маалда Иран дүйнөдөгү номур биринчи террордук өлкө болчу. Балким азыр деле ошондой бойдон турат».

«Аскердик иш-аракеттер зарыл болушу мүмкүнбү?» деген суроого Дональд Трамп: «Мен муну каалаймбы? Жок. Бирок ошондой болушу дайыма ыктымал», - деп жооп кайтарды.

Дональд Трамптан: «Ирандын президенти менен сүйлөшүүгө даярсызбы?» деп сурашканда ал: «Ооба, албетте. Мен аны менен сүйлөшкүм келет», - деп жооп кайтарды.

Трамп бул тууралуу Кошмо Штаттар жана анын Перс булуңундагы өнөктөштөрү менен Ирандын ортосунда чыңалуу күчөп турган учурда айтты.

2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге Франция, Орусия, Кытай, Германия, АКШ жана Британия кол койгон. Ал келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Бирок Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG