Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Жаңы-Жер: Териштирүү иштерине жаштарды да катыштыруу жөнүндө талап коюлду


Жаңы-Жер айылында чогулган эл.
Жаңы-Жер айылында чогулган эл.

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жаштардын мушташынан кийин жергиликтүү медреседе айыл аксакалдары жана тургундар чогулушту.

Аксакалдардын бири Абдулла Эфендиев «Азаттыкка» билдиргендей, сүйлөшүүлөрдөн соң тараптар мунасага келишти.

- Жаштар арасында түшүнбөстүк болуп кетиптир, - деди ал. - Кээ бир адамдар бул окуяны чоң чырга айланткысы келип жатат. Бирок биздин улуу муун ыкчам чогула калып, окуянын ырбап кетишине жол берген жокпуз. Биз жаштарды элдештирдик деп ойлойбуз. Тараптардын бири-бирине нааразылыгы деле жок.

Анткен менен айыл жаштары тартип сакчыларынан окуяны терең иликтеп, күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылууда.

Жергиликтүү жаштардын бири Санжар Тилеков мындай жаңжал Жаңы-Жер айылында биринчи жолу чыкпаганын айтып, ар дайым күч органдары тергөөнүн аягына чекит койбой келгенин «Азаттыкка» кошумчалады.

Жергиликтүү тургундар 6-июнда «милиция менен кошо тергөөгө катышабыз» деген пикирин айтып калышты.

Бишкектин түштүгүндө жайгашкан, Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында 5-июнда жаштар арасында мушташ чыккан. Буга нааразы болгон тургундар көчөгө чогулуп, окуяны жайгарыш үчүн көп сандагы милиция кызматкери тартылган.

Түшүндүрүү иштеринен соң Жаңы-Жер айылындагы чыңалуу басылып, жергиликтүүлөр тарап кетишти.

Ушул эле күнү Сокулук районунун дагы бир айылы Төмөнкү Орокто мушташ чыгып, ал жерде милиция 30дай адамды кармап, суракка алып, кайра кое берди.

ИИМ Сокулук районундагы Жаңы-Жер жана Орок айылдарындагы окуялардын бири-бирине катышы жок жана абал туруктуу экенин маалымдоодо. (SDz)

XS
SM
MD
LG