Казакстанда билим берүү боюнча вице-министрге карата иш козголду. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик кызмат маселелери жана коррупцияга каршы күрөш агенттиги маалымдады.
Өткөн айда казак президенти Касым-Жомарт Токаев ашкере болуп кеткен коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү керек экенин айткан. Ал ошондой эле кол астында иштеген кызматкер жемкорлукка барганы такталса жетекчиси да иштен кетиши зарыл болорун белгилеген.
Дүйнөдөгү коррупцияны талдаган эл аралык «Transparency International» уюмунун маалыматына караганда, Казакстанда абал бир жылда эки көрсөткүчкө начарлады. (RK)