Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:38

Парламенттин ишин баалоо боюнча аймактык форум өтөт


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бүгүн, 6-июнда Бишкекте «Парламенттин ишинин натыйжалуулугун арттырыш үчүн мониторинг жана баалоо жүргүзүү» деген темада аймактык форум ишин баштайт.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттарынан тышкары Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн парламент өкүлдөрү да чакырылган.

Күн тартибинде парламенттин ишин баалоонун Кыргызстандагы ыкмалары жана эл аралык тажрыйба, өкмөт менен жарандык коомдун пикирин эске алуу, алар менен кызматташуу маселелери бар.

Кыргызстандын 120 мандаттан турган парламенти беш жылга шайланат. Азыркы чакырылыш 2015-жылы шайланып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG