Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Журналистти келеке кылган облус башчысын иштен алуу жөнүндө талап коюлууда


Туйгуналы Абдраимов. 5-июнь, 2019-жыл. Сүрөт «Кактус Медианын» видеосунан алынды.
Туйгуналы Абдраимов. 5-июнь, 2019-жыл. Сүрөт «Кактус Медианын» видеосунан алынды.

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү журналисттен кечирим сурап, кызматтан кетиши керек. Ушундай талап менен маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу өлкө бийлигине кайрылып, облус башчысы Туйгуналы Абдраимовду айыптап жатышат.

Буга анын кечээ 5-июнда Сокулуктагы окуяны чагылдырганы барган журналист кыздардын бирине «сиздин жүзүңүз мага жакпай турат» деп келеке кылганы себеп болду.

Коомдук активисттер мамлекет өкүлүнүн мындай сөздөрүнө жана мамилесине мыйзамга жараша баа берилиши керек экендигин айтып жатышат.

Абдаримов өзү бул талаптарга азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG