Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

«Ынак достор» Путин жана Си Цзиньпин Петербургдагы форумга катышат


Владимир Путин жана Си Цзиньпин
Владимир Путин жана Си Цзиньпин

Орусиянын президенти Владимир Путин жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумга катышат. 5-июнда эки лидер сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Си Цзиньпин Москванын зоопаркына эки панданы берди. Путин бул ишаратты эки өлкөнүн ортосундагы «ишенимдин жана сый-урматтын» белгиси катары баалады. Вашингтон жана Батыш менен мамилелери чыңалып турган чакта Орусия менен Кытай өз ара байланыштарын бекемдөөгө умтулуп жатышат.

Владимир Путинди «ынак досум» деп атаган Си Цзиньпин сүйлөшүүлөрдөн кийин Дин-Дин жана Жуи аттуу эки панданы белекке берди. Путин ыраазычылыгын билдирди.

«Биз билебиз, мындай практика Кытайда дээрлик жок. Бул – Орусияга өзгөчө сый-урматтын жана ишенимдин белгиси. Биз пандалар тууралуу сүйлөшүп жатканда дайыма жүзүбүздө жылмаюу пайда болот. Бул белекти чоң ызат жана терең ыраазычылык менен кабыл алабыз. Чоң рахмат», - деп айтты Путин.

Орусиядагы үч күндүк сапарында Си Цзиньпин Санкт-Петербургдагы экономикалык форумга катышат. Бул форумда Владимир Путин да сөз сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG