Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Кудрин: Орусиядан капиталдын чыгышы 40 млрд. долларга жетти


Алексей Кудрин.
Алексей Кудрин.

Орусиянын Эсеп палатасынын башчысы Алексей Кудрин америкалык ишкер Майкл Калвинин камакка алынышына байланышкан кырдаалды «экономика үчүн шок» деп баалады. Бул тууралуу Орусиянын мурдагы финансы министри Кудрин Санкт-Петербургдагы эл аралык экономикалык форумда айтты. Кудрин Орусиядан капиталдын агылып кетиши эки эсе көбөйгөнүн жана жыл башынан бери 40 млрд. долларга жеткенин белгиледи.

Кудрин айткан маалыматты буга чейин Орусиянын Борбордук банкы да тастыктаган. Борбордук банктын маалыматы боюнча, ушул жылдын январь-апрель айларында жеке сектордун Орусиядан капиталды таза чыгарып кетиши 34,7 млрд. долларга чейин көбөйгөн. Бул болсо былтыркы жылдан бери 1,9 эсе көп дегенди билдирет.

Ири америкалык инвестор, «Baring Vostok» фондунун негиздөөчүсү Майкл Калви 15-февралда кармалган. Тергөөчүлөр ал «Восточный» банкынан 2,5 миллиард доллар чыгарып кетиш үчүн мыйзамсыз схема түзгөн деп эсептешет. Калви дооматтарды четке кагып, өзүнө коюлган дооматттарды карандай калп деп баалап жатат. Ал иштин артында сөз болгон банктын директорлор кеңешинин мүчөсү Шерзод Юсупов жана дагы бир акционер Артем Аветисян менен кооперативдик талаш турат деп эсептейт.

Орусиянын бизнес-акыйкатчысы Борис Титов, «Сбербанктын» башкармалыгынын төрагасы Герман Греф, «Яндекс» компаниясынын түптөөчүсү Аркадий Волож, «Роснанонун» башчысы Анатолий Чубайс, Эсеп палатасынын жетекчиси Алексей Кудрин жана бир катар башка саясатчылар менен ишкерлер Калвинин бошотулушун жактап сүйлөшкөн.

3-июнда Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Санкт-Петербургдагы эл аралык форумга үй камагында отурган Майкл Калвинин катышуусун каалай турганын билдирген.

Санкт-Петербургдагы экономикалык форум 1997-жылдан бери өтүп келатат. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн эң белгилүү форумду 2006-жылдан бери орус президентинин администрациясы расмий уюштуруп келатат.

XS
SM
MD
LG