Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Жалал-Абадда аттракциондон кулап түшкөн кыздын абалы туруктуу

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарынын Токтогул эс алуу багындагы аттракциондо ойноп жатып жерге кулап түшкөн 14 жаштагы кыздын абалы жакшырып калды. Бул тууралуу маалымат өспүрүм дарыланып жаткан Жалал-Абад облустук облустук клиникалык ооруканасынан алынды.

Маалыматка караганда, Сузак районунан апасы менен паркка келген окуучу кыз 7 метр бийиктиктен кулап түшкөн.

Жабыркаган кыз аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын мээси чайкалып, оң билегинин сөөгү жабыркаган жана денеси сыйрылган. Дарыгерлер мээсине операция жасап, азыр абалы турукташты.

Окуучу 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө шаарга сейилдөө максатында келгени аныкталды. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG