Кыргызгидрометтин кабарлаганы боюнча, Кыргызстанда 7-июнда, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынынын айрым райондорунда жана Ысык-Көлдүн чыгышында жаан катуу жаашы ыктымал. Тоолуу аймактарда жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн.
Күндүз тоо этектеринде жамгыр, мөндүр жаайт, тоолуу райондордо кар түшөт. Өрөөндөрдө жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 25...30,
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 21...26,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12...17, күндүз 23...28,
Нарын аймагында түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9...14, күндүз 18...23,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан-чачын болот. Күндүз жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 14 метрге жетет. Түнкүсүн 15…17, күндүз 26…28 градус жылыйт. (ErN)