Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

Литва парламенти крым татарларын депортациялоону геноцид деп тааныды


Крым татарларынын балдары. Киев, 18-май, 2019-жыл.
Крым татарларынын балдары. Киев, 18-май, 2019-жыл.

6-июнда Литванын парламенти 1944-жылдагы крым татарларын депортациялоону геноцид деп тааныды. 79 депутаттын 77си буга макул деп добуш берди, эч ким каршы чыккан жок.

1944-жылы 18-майда СССРдин башкы командачысы Иосиф Сталиндин буйругу менен крым татарлары Крымдан күчтөп чыгарылган. Советтер Союзунда «депортациялоого крым татарлары Экинчи дүйнөлүк согуш маалында нацисттик Германияны колдогону себеп болду» деп түшүндүрүшкөн. Кийин СССР бийлиги, андан соң Орусия жана Украина депортациялоону мыйзамсыз деп тааныган.

Расмий маалыматтар боюнча, 191 миң адам мекенин таштап кетүүгө мажбур болгон. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстанга, Казакстанга жана Тажикстанга, аз бөлүгү Марий АССРине, Уралга, Кострома облусуна жана Тулага көчүрүлгөн.

Активисттердин баасы боюнча, күчтөп көчүрүүнүн натыйжасында крым татарларынын 46 пайызы кайтыш болгон.

XS
SM
MD
LG