КСДП партиясынын Саясий кеңешинин Бишкекте флешмоб уюштурган эки мүчөсүн милиция кармап кетип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин кайра коё берди. Окуя бейшемби, 6-июнда болгонун акциянын уюштуруучуларынын бири Амантур Жамгырчиев билдирди.
Ал коррупцияга каршы күрөштү талап кылган тынчтык митингин тууралуу элге маалымат жеткирүү максатында флешмоб өткөрүп жатканда милиция кызматкерлери кармап кеткенин, эки сааттан кийин коё бергенин айтууда.
Шаардык милиция бул боюнча комментарий бере элек.
КСДП партиясынын экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон мүчөлөрү 8-июнда Бишкекте митинг өткөргөнү жатышат. Бирок жакында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен борбор калаанын негизги көчөлөрүндө нааразылык акцияларын уюштурууга 20-июнга чейин тыюу салынган болчу. (RK)