Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Чабуулга кабылган кемелер боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты


Фужейра порту.
Фужейра порту.

Быйыл 12-майда Бириккен Араб Эмирликтерине караштуу аймакта кол салууга дуушар болгон төрт соода кемеси дайверлер коюп кеткен миналар менен жардырылган.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен ушундай тыянакка келишкенин Эмирликтер, Саудия жана Норвегия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине жолдогон расмий катында билдиришти.

Катта Эмирликтердин экономикалык зонасы деп эсептелген аймакта мындай кол салууну уюштурууга кайсы өлкөнү айыптуу деп шекшип жатышканы так жазылган жок, бирок дайверлер мыкты даярдыктан өткөнү, алар кемелерге ылдам жүрүүчү кайык менен жетип барганы белгиленген.

Быйыл 12-майда Фужейра портунда төрт кеме чабуулга кабылган, эч ким жабыркаган эмес. Фужейра мунай ташуучу ири жол – Перс булуңунун башындагы Ормуз кысыгынын түштүгүндө жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG