Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Жапон өкмөтүнүн башчысы Иранга барат

Синдзо Абэ.
Синдзо Абэ.

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ жакынкы арада Иранга барат. Бул тууралуу жапон өкмөтүнүн катчылыгы кабарлады.

Токио Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы чыңалууну басаңдаткысы келет.

12-14-июнга пландалып жаткан сапар учурунда Абэ Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи жана президенти Хасан Роухани менен жолугат.

Акыркы жолу жапон өкмөтүнүн башчысы бул өлкөдө 40 жыл мурда болгон.

Токио АКШнын Азиядагы эң жакын союздаштарынын бири, ошол эле учурда Тегеран менен да мамилеси жакшы.

АКШ менен Ирандын мамилеси соңку кезде курчуп турат. Буга АКШнын Иран боюнча келишимден чыгып кетиши себеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG