Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Абдрахманов Атамбаевди сотко бергени жатат


Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

КСДП партиясынын лидери катары расмий катталган Сагынбек Абдрахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко бергени жатат. Мындай кадамга андан партиянын негизги документтерин сот аркылуу алдыруу максаты себеп болуп жатканын Абдрахманов “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Биз эки айдан бери “качан бизди сотко берет” деп Атамбаевди күтүп жатпайбызбы. Ал документтери жок бизди сотко бере албай жатат. Ошондуктан биз өзүбүз берели дедик.

Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн.

Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим деп, юстиция министри Марат Жаманкуловду кылмыш жоопкерчилигине тартууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG