Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:18

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча күбөлөр көрсөтмө беришүүдө


Эмил Ажибеков. Баткен прокуратурасынын мурдагы кызматкери. Ош шаары. 7-июнь, 2019-жыл.
Эмил Ажибеков. Баткен прокуратурасынын мурдагы кызматкери. Ош шаары. 7-июнь, 2019-жыл.

Ош шаардык сотунда Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү уланды.

Бүгүн, 7-июнда болуп жаткан соттук жараянда күбөлөр көрсөтмө берип жатышат. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча бул процессте Анарбай Мамажакыпов менен акыркы күнү чогуу аң уулоого чыккан прокуратура кызматкерлери жана башка адамдар көрсөтмө беришет.

Ушул тапта Баткен прокуратурасынын мурдагы кызматкери Эмил Ажибеков көрсөтмө берүүдө. Сот ачык өтүп жатат.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN)

XS
SM
MD
LG