Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Баткен облустук прокуратурасы тергөө амалдарын көзөмөлдөөнү күчөттү


Баткен облустук прокуратурасы.
Баткен облустук прокуратурасы.

Баткен облустук прокуратурасы аймактагы укук коргоо органдары алып барган тергөө иштеринин абалы боюнча кеңешме өткөрдү.

Мекемеден ырасташкандай, облус прокурору Абдибакыт Халмурзаев фактылар кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестрге катталгандан тарта сотко чейинки өндүрүш сапатуу жүргүзүлүшү керектигин эскертти. Ал кызматтык жана коррупциялык кылмыштар боюнча мамлекетке келтирилген зыяндарды өндүрүү маселелери боюнча да тиешелүү адистерге тапшырмаларды берди.

Прокуратура уюштурган кеңешмеге облустук соттун өкүлдөрү, район-шаардык соттордун тергөө судьялары, мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын жана укук коргоо органдарынын тергөөчүлөрү катышты.

Жыйында укук коргоо кызматтарында сотко чейинки өндүрүштөр, тергөө жана сотто каралуу иштери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталуунун абалы талкууланып, баяндамалар жасалды. Кеңешмеде сотко жиберилген кылмыш иштерди кароодо айыптоо актылары толук түзүлбөй калган учурлар болуп жатканы айтылды.

Жыл башынан бери облустагы райондук жана шаардык соттор тарабынан 168 адамга карата 130 кылмыш иши каралган.

2019-жылдын беш айында облустук тергөө органдарынын жана облустук прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 1434 сотко чейинки өндүрүш катталган. (JsA\ErN)

XS
SM
MD
LG