Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Канатбек Азиз Жогорку аттестациялык комиссиянын төрайымынын орун басары болду


Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

“Ата Мекен” партиясынын мурдагы юристи, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Канатбек Азиз Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыкка” юрист өзү ырастады.

Анын айтымында, аны дайындоо боюнча буйрукка 6-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Канатбек Азиз бул бош орунга талапкерлер көп болгонун, соңунда ал тандалганын кошумчалады. Ал аталган орган ага жаңы эместигин, мурдараак комиссиянын юридикалык тармагындагы эксперттик кеңеште юрист болуп иштегенин айтты.

Жогорку аттестациялык комиссиясынын төрайымы болуп 2017-жылдан бери Бакыт Тыналиева иштейт. Анын орун басары Нурлан Атабаев эки-үч ай мурда өз арызы менен кызматтан кеткен.

Жогорку аттестациялык комиссия өлкөдөгү илимий даражаларды текшерип, ыйгаруучу орган. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда 800дөн ашуун илимдин доктору, үч миңден ашуун кандидат бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG