Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Сокулукта асынып алган окуучунун өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды


Чүй облусунун Сокулук районунун Арал айылында 15 жаштагы кыздын өлүмү боюнча факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Назира Имангазиева билдирди.

Маалым болгондой, окуя 6-июнда катталган. Райондук милицияга аймактык ооруканадан жашы жете элек өспүрүмдүн суицидге барганы тууралуу кабар түшкөн. Өспүрүмдүн сөөгүн аталган айылдагы үйлөрдүн биринин короосунан табышкан.

Окуучу кыздын тек-жайы такталды. Учурда иштин башка жагдайлары иликтенип жатат.

Буга чейин Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 2018-жылы 88 өспүрүм суицидге барганын, анын 83 мектеп окуучусу экенин билдирген. Былтыр жанын кыйгандардын 54ү кыз, калганы эркек балдар болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG