Кочкор районундагы Көк-Жар айылындагы үч мектеп бүтүрүүчүсү жана Түп районундагы Талды-Суу айылынын бир мектеп окуучусу Уланбек Эгизбаев атындагы атайын стипендияны утуп алышты.
Булар "Азаттык" радиосунун жетекчисинин атынан эки мектепте жарыяланган кыргыз тилиндеги дилбаяндын эң мыкты авторлору деп таанылды. Жеңүүчүлөр Асылбекова Бермет, Абдыраева Бегимай, Жотоева Алина жана Канатбеков Аскар сыйлыкты билимин мындан ары өркүндөтүүгө жумшаарын айтышты.
Эркин темадагы дилбаян сынагы мындан ары да жыл сайын эки мектепте жарыяланып турмакчы. Бул сынак Уланбек Эгизбаевдин кыргыз тилинин азыркысы менен келечегин даңазалап, Интернетте "Кыпкыргызча" аттуу топ түзүп, эне тилин кастарлап, жайылтуу аракетин улантуу максатында жарыяланган.