Кыргызгидрометтин кабарлаганы боюнча, Кыргызстанда 8-июнда, түнкүсүн тоолуу райондордо кар түшөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде үзгүлтүксүз жаан жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 23...28,
Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,
Нарын аймагында түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаабайт. Күндүз жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээде 14 метрге жетет. Түнкүсүн 14…16, күндүз 27…29 градус жылыйт. (ErN)