Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Таластан Ошко бараткан беш автоунаадан 100 тоннага жакын май алынды


Кармалган беш оор жүк ташуучу автоунаа.
Кармалган беш оор жүк ташуучу автоунаа.

Таластагы «Кызыл-Адыр» өткөрмө бекетинен күйүүчү-майлоочу майды контрабандалык жол менен ташып бараткан беш автоунаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финполиция) кабарлады.

«Г.Т» деп аталган фирмага караштуу «DAF96XF», «DAF- XF», «DAFXF95/480», «DAF-TE105 XF» жана «RENAULT-PREMIUM460RXL» оор жүк ташуучу автоунаалардын цистерналарындагы 100 тоннадан ашык май бензанол экени такталды.

Документтерге ылайык май Талас облусунун Манас районуна жөнөтүлгөн. Айдоочулар болсо сурак учурунда майды Ош облусуна ташып баратканын мойнуна алышты.

Контрабандалык жүктү Финполициянын Талас облусунун Кара-Буура жана Манас район аралык бөлүмүнүн кызматкерлери мекеме аралык комиссия менен чогуу кармашты. Комиссиянын курамында алардан сырткары УКМКнын жана Салык кызматынын да өкүлдөрү бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG