Орусияда "Медуза" басылмасынын иликтөөчү журналисти Иван Голунов "мыйзамсыз баңгизат сатууга аракет кылган" деген шек менен кармалды. Анын адвокаты Дмитрий Жулайдын билдиргенине караганда, орус полициясы журналистти 6-июнда түштөн кийин Москвада кармап кетип, кийинчерээк баңгизат салынганы айтылган рюкзакты көрсөткөн. Андан көп өтпөй журналисттин батиринен дагы бир баштык жана тараза табылганы кабарланган.
Бирок белгилүү журналисттин адвокаты мындай айыпты четке кагып, полиция өзүнүн кардарынын буюмдарына атайылап баңгизат салып койгонун айтты. Ал журналист Голунов абакта ур-токмокко да кабылганын, кармалгандан кийин бир нече саат бою ага жактоочусуна телефон чалууга уруксат берилбегенин кошумчалады.
Москванын полициясы Голунов абакта сабалганы тууралуу маалыматты четке какты. 2014-жылы негизделген "Медуза" басылмасы Латвиядан иш алып барат.