Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Депутат Зарылбек Рысалиев сурактан кийин ооруканага түштү


Депутат Зарылбек Рысалиев.
Депутат Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилди. Ал ушул тапта Президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада жатканын “Азаттыктын” ишенимдүү булактары билдиришти.

Рысалиев бүгүн, 7-июнда саат 10:00дөн бери Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканы кабарланган. Бирок бул маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да эмес.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштады. Батукаев бошотулган учурда Зарылбек Рысалиев Мамлекеттик жаза аткаруу кызматын жетектеп тураган.

Буга чейин да бир катар аткаминерлер жана мамлекеттик кызматкерлер Батукаевдин ишине байланыштуу кармалган.

XS
SM
MD
LG