Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:26

Салянова өзүнчө камерада бир шерик менен отурат


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Мурдагы баш прокурор Аида Салянова №1 тергөө абагындагы камерада бир шерик менен отурат. Ал - башка бир кылмыш ишине шек саналган адам.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдиргендей, абактын эрежесине ылайык, шектүү жалгыз отурбайт:

"Эркектердин камералары өзүнчө. Аялдардыкы жок болчу. Салянованы башка соттолгондорго кошкон жокпуз. Бирок жалгыз да калтыра албайбыз, ошондуктан жанында бир киши бар".

Сабатарова мындай учурда камактагы адамдын камерасына мурда соттолгон, бир кылмыш ишине шек саналып жаткан кишилер кошулбай турганын айтты.

7-июндагы маалыматка караганда, Саляновага туугандары жолугуп, керектүү буюмдарын, дары-дармегин алып келип беришти.

Мурдагы башкы прокурор жана «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча 3-июнда кармалган. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камалган. (SE\KR)

XS
SM
MD
LG