Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:50

КСДПнын өкүлү митингге чагымчылдар катышып жатканын айтты


Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева коррупцияга каршы митингге чагымчылдар да катышып жатканын айтты. Митинг учурунда жыйынга келгендердин бири сөз сүйлөөгө аракет кылган болчу. Катышуучулар аны кетирип жиберишкенин "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

Бишкек шаарында 8-июнда коррупцияга каршы митинг өткөрүп жатат. Ыр-күү менен башталган тынч жыйында жемкорлукка жана тууганчылдыкка каршы көрнөктөр илинди.

"Унчукпай турба! Үн кат!" деген ураан менен уюштурулган митингге экс-президент Алмазбек Атамбаев, партиянын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова, парламенттин депутаты Анвар Артыков өңдүү саясатчылар да катышууда. Уюштуруучулар миңден ашуун, байкоочулар миңге чамалуу адам келгенин билдиришти.

Партиядан кабарлашкандай, "Медиа форум" имаратынын алдындагы митинг «азыркы бийлик жемкорлукка каршы бирдей күрөш жүргүзбөй, Атамбаевдин тарапташтарын, оппозициялык көз карашы бар жарандарды куугунтуктап жатат» деген өңүттө уюшурулду. (SE)

XS
SM
MD
LG