Казакстанда 8-июнда президенттик шайлоо алдындагы "жымжырттык күнү" жарыяланды. Өлкө мыйзамдарына ылайык, бул күнү талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзгөнгө тыюу салынат. Шайлоого байланыштуу социологиялык изилдөөлөрдүн тыянактарын, сурамжылоолордун натыйжаларын да жарыялаганга болбойт.
Президенттик шайлоо 9-июнда эртең менен саат 7:00дө башталат. Добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат. Борбордук шайлоо комиссиясы өлкө аймагында он миңден ашуун, чет мамлекеттерде 65 шайлоо тилкелери даярдалганын билдирди.
Мамлекетти башкарууга жети талапкер катталган.
Бул - Казакстандын эгемен тарыхындагы Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо.
Назарбаев мамлекетти дээрлик 30 жыл башкаргандан кийин быйыл март айында кызматтан кеткен. Ыйгарым укуктарын Касым-Жомарт Токаевге өткөргөн. Назарбаев «элбашы» макамын сактап, Казакстандын Коопсуздук кеңешин жана бийликтеги «Нур-Отан» партиясын жетектеп калды.
Назарбаевдин тушунда өткөн бир да шайлоону эл аралык байкоочулар демократиялык деп мүнөздөгөн эмес.
Казакстанда 1991, 1999, 2005, 2011, 2015-жылдары президенттик шайлоо өткөн. Анын үчөө мөөнөтүнөн мурда болгон.